ЧОҢ ШААРДЫН ТАШТАНДЫ КӨЙГӨЙҮ.

Таштандыларды утилизация кылуу көйгөйлөрү
Ташкент – мегаполистин шарттары менен жашаган чоң жана кооз шаар. Катуу таштандылар көйгөйү – борбор шаардын эң негизги маселе. Азыр толтура чыгындыларды топтоо, бөлүштүрүү, чыгаруу, кайра иштетүү жана утилизация кылуу аракеттери көрүлүп жатат. Таштандыларды башкаруу тутумуна 2017-2021-жылдарга 1 трлн сум коротуу пландалууда.
Көп адамдан көп таштанды
Өзбекстандын мамлекеттик экологиялык комитетинин маалыматы боюнча Ташкент шаарынын тургундары жылына 700 тонна таштанды чыгарышат. Маалыматка ылайык, бул сандын 60 пайызы, тактап айтканда, турмуш тиричилик чыгындылары, таштандыларды башкаруу боюнча Улуттук стратегиялык башкармалыгына келип түшөт. Бул деген – аябагандан көп көлөмдөгү таштандыларды өзүбүз чыгарабыз.
Ар бир адам таштандыны аз чыгаруу үчүн эмне кылыш керек?
Өзүңүздүн баштыгыңыз менен барып соода кылыңыз. Полиэтилен баштыгын көп жолу колдонсоңуз болот, бирок өзүңүздүн баштыгыңыз эң оптималдуу вариант.
Бир буюмду сатып алуу алдында, ал сизге керекпи, ошону ойлонуңуз. Эгер аны дайыма колдонбосоңуз, башка жактан карызга алып туруңуз. Сиз ыргытууну пландаган бут кийимдер, техникалар, жакшы сапаттагы кийимдерди сатып жиберүүгө аракет кылып көрүңүз же интернеттен жарыя кылып, алмашып, мүмкүн жөн эле берип коерсуз.


Дүкөндөн буйумдарды упаковкасыз эле сатып алыңыз. Азыктарды кестирип сатып албаганыңыз, пластик баштыктардын санын азайтып эле эмес, кесилген азыктын баасына да таасир этесиз. Б.а. баасын түшүрүп жибербейсиз. Сизге канча азык керек болсо, ошончо эле сатып алыңыз. Эгер көп алып алыпсаңыз, аныңыз эскирип, таштандыга ташталып калышу мүмкүн.

Бир эле жолу колдонула турган батарейкаларды эмес, аккумуляторлорду колдонуңуз. Сиздин смартфон, телевизор же дагы башка техникалардын модели модадан калды деп эле жаңыларын сатып ала бербеңиз.

Көйгөйдү чечүү өзүбүздөн башталат
Бөлүштүрө башта!
Өзбекстанда 2012-жылдан баштап, элден бөлүнүп ташталган таштандыларды топтоо боюнча аракеттер башталган. Биринчи кадам болуп, түстүү полиэтилен баштыктарын сатуу болду. 2014-жылы өлкөдө санитардык эрежелердин жаңысы иштелип чыккан, бирок аны башташ үчүн инфраструктура болгон эмес. Азыр Ташкенттин акимчилиги ага ылайык шарттарды түзүү аракети көрүлүп жатат. Алар 2018-жылга чейин 350 жаңы жана эскилерди оңдоп-түзөгөн таштанды таштоочу урналарды даярдап бүтүш керек.
Таштадыны өз өзүнчө кылып бөлүү керекпи?
Электрондук таштандылар кайда кетет?

Азыркы убактагы техникаларда, автоунааларда, электрондук буюмдарда сымала, кадмий, берилий, барий, литий сыяктуу уулуу химиялык заттар бар. Алар жер алдындагы жана үстүндөгү сууларга кошулуп, жаратылыш менен адамдын ден-соолугуна зыян алып келет. Муну менен катар бул химиялык буюмдар – өндүрүш үчүн баалуу каражат болот.

Өзбекстан Республикасында электрондук таштандылар маселесин чечүүдө бийликтин бардык бутактарында комплекстүү иштер аткарылып жатат. Керектөөчүлөр "эски жана сынып калган гаджеттерди каякка таштаса болот?",-деген суроолорду бере башташты. Өндүрүшчүлөр жана чоң-чоң дүкөндөрдө аларды кабыл алуучу пункттарды ача башташты. Муну менен алар жарандардын эски техникаларын алышып, ордуна башка техникаларды арзандатылган баада сатышууда. Мындай иш кылгандардын бири - Media Park дүкөндөр тармагы десе болот.

БУУ Университетинин серепчилеринин маалыматтары боюнча, Өзбекстандын аймагында 45 миң тоннага жакын электрондук таштандылар жатат. Булар өз мөөнөтүн иштеп бүткөн электрондук жана органикалык буюмдар. Мындай буюмдар боюнча Борбор Азияда Өзбекстан, Казакстандан кийинки 2-орунду ээлейт.
Таштандына туура таштайбыз!
Учурда Өзбекстанда 2017-2021-жылдар аралыгында таштандыларды кайра иштетүү жана бул тармакты түп тамырынан бери өзгөртүү боюнча атайын токтом иштейт.

Документте Ташкент шаарына 237 атайын техника сатып алуу менен бирге 94 гараж куруу планы көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында быйыл таштанды ташуу боюнча тапшырманын 63 %ы аткарылып жатса, 2021-жылга карата 93 % иш аткарылат.

Ташкентте эмнелер көбүрөөк кайра иштетилет?
Өзбекстанда элдин экологиялык активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча биргелешкен программа иштейт. Ал – айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө максатталган жана 2016-2020-жылдар аралыгында катуу жана электрондук таштандыларды утилизация кылууга багытталган
Ташкентте "Артель" заводунун алдында тушмуш тиричилик техникаларын чыгарган атайын цех иштейт. Алар өндүрүштө брак болуп чыккан буюмдарды кайра иштетишет.
Учурда өлкөдө таштандыларды кайра иштетүүчү 317 ишкана иштеп жатат. Алардын ичинде полимер, макулатура, айнек, резина сыяктуу жана башка сырьелорду иштеткендери бар. Негизинен алюминий банкалар, айнек, пластик жана кагаз көбүрөөк пайда алып келет.

Кайра иштетүүчү ишканалардын бири Recycling Group. Алар сырьену – өнүрүшчүлөрдөн мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштардын сырттары же брак болуп чыккан буюмдарды сатып алуу менен толукташып, аларга экинчи жашоо тартуулашат.

СП Uz-Prista Oil
Ташкент облусундагы СП Uz-Prista Oil заводу жылына 43 миң тонна мотор майын кайра иштетишет, анын негизинде 30 миң тонна базалык майларды даярдайт.
Автоунаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү
Автоунаалардын дөңгөлөктөрүн кайра иштеткен заводдор аз, бирок "Автоунааларды калыбына келтирүү боюнча Ташкент заводу" да ушул иш менен алектенет. Негизинен иштетилген дөңгөлөктөр таштандыга ташталат. Бирок бул өңдүү катуу таштандыларды таштай турган атайын жер жок. Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл буруш керек. Бурал баалуу сырье. Булар экологияга да, экономияга да пайда!.
Утилизация эмне болот?
Борбордук бийлик 2018-жылга чейин Эл аралык стандарттарга ылайык келген, Ташкент облусундагы Ахангаран районун аймагына 30 гектар жерге санитардык полигон куруп, пайдаланууга берүүнү жана ага атайын техникаларды сатып алууну пландап жатат. Мындан сырткары, шаар ичине таштандыларды кабыл алуучу эски пункттарды жаңылап, ага кошуп дагы жаңы пункттарды куруганы жатат. Алардын жалпы саны 350 болоору айтылууда. Ал долбоордун жалпы суммасы 78,7 млн доллар болуп, анын 69 млн.ун Азия Өнүктүрүү банкы көтөрсө, калган 9,7 млн долларын Өзбекстандын өзү чыгара турган болууда.
Мамлекеттик экология комитетинин маалыматы боюнча, Өзбекстандын 45 пайыз таштандысы Ташкент шаарынан, Самарканд менен Фергана облустарынан чыгат. Ташкент облусу таштанды талаасы боюнча алдыда турат. Өзбекстанда катуу таштанды буюмдарды негизинен шаардагы жана айыл жергелериндеги таштанды талааларына төгүшөт. Аларды уруксат берилбеген жерлерге да таштаат. Мисалы Чирчик дарыясынын жээгине ташталган чыгындылар коомчулукта катуу сынга кабылган.
Таштанды талаалары өтө эле чоң аймакты талап кылат, анын үстүнө транспорт чыгымдарын азыраак колдонуу үчүн, шаарга бир аз жакыныраак да болуш керек. Ачык свалкада метан топтолушу – бул, катуу таштандылардын өзүнөн өзү күйүп кетүүсүн шарттайт. Күйө баштаганда аба басымынын төмөнүрөөк болушу жана кислороддун жетишсиздиги Менделеевдин мезгилдик системасындагы жыттардын баары тарайт. Айрыкча диоксиндер, фурандар жана уулуу заттарга бай жыттар коркунуч алып келет. А күйбөгөндөрү дат басып, акырындап жоголо баштайт. Түстүү жана оор металлдардын акырындап жоюлуусунун натыйжасында – алар абага жана сууларга кошулат, а башка продукциялардын жоголуусу коркунучтуу химиялык заттарга айланат.
Атабаева Наргис Каримовна
Биология илимдеринин кандидаты
Ташкентте жаз, жай мезгилдеринде ашар уюштурулат. Активдүү жаштар жана кайдыгер эмес шаардыктар көчөлөрдү ирээтке келтирип, жалбырактар менен таштандыларды чогултушат. Анан эмне болот? Чогултулган жалбырактар менен чөптөрдү өрттөшөт. Бирок өрт коопсуздугун эске алып, мындай кылган болбойт да. Жалбырак – фильтр экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал булганган абаны тазалайт, ошондуктан дарактын өзөгүндө уулуу заттар менен оор металлдар топтолуп калат. Бул уулуу затты өрттөгөндө атмосфера менен дем алып, жер астындагы жана үстүндөгү суулар менен азыктанган дарактардан абага көмүр кычкыл газы, күкүрт кычкыл газы, көө, азот кычкылтеги, көмүртектүү суутектер, анан эң башкысы диоксиндин уулуу заттары бөлүнүп чыгып, адамдын ден-соолугуна зыян алып келет.



Көпчүлүк мамлекеттер катуу таштандыларды утилизация кылуу жана кайра иштетүү маселесин ийгиликтүү чечип келе жатышат. Айрым өлкөдөрдө таштандыларды сатып алышып, кайра иштеп чыгып, пайда көрүп жатышат. Мисалы, Швеция чыгындынын 99 пайызын кайра иштетет. Бул мамлекет 700 миң тонна таштандыны кошуна өлкөлөрдөн сатып алып, андан энергия чыгарып, өздөрүнүн керектөөсүнө пайдаланат.
Өзбекстанда таштандыларды рационалдуу башкаруу боюнча чоң кадамдар ташталууда. Бийлик машинасы иштеп атат, бирок чече турган иштер көп. Негизги маселелерге мамлекет өзү катышып, таштандыларды ташуу жана кайра иштетүү боюнча жеке бизнести өнүктүрүүгө аракет көрүүдө. Анан жеке адамдардын демилгеси да көп нерсени чечет. Борбор шаарга келген коноктордун пикиринде, Ташкент – таза шаар! Аны мындан да таза кылууга ар бирибиз милдеттүүбүз.
Авторлор:
Дарья Османова
Лобар Исламова
Саида Сулайманова
Ромина Тулякова

"Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Лобар Исламованын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт"
Made on
Tilda